Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

Шнобел сыйлыгынын ээлери аныкталды


Шнобел сыйлыгын тапшыруу аземинин алып баруучусу Марк Абрахам. 2019-жыл, 12-сентябрь.
Шнобел сыйлыгын тапшыруу аземинин алып баруучусу Марк Абрахам. 2019-жыл, 12-сентябрь.

Гарвард университетинде 12-сентябрда Шнобел сыйлыктары тапшырылды. Илим-билимдин 10 тармагы боюнча эң беймаани ачылыштар үчүн жыл сайын берилип келген сыйлыкты тапшыруу аземи ушуну менен 29-ирет уюштурулду.

Шнобел сыйлыгына татыгандар арасында Британиянын, Сауд Арабиясынын, АКШнын жана Сингапурдун окумуштуулары бар. Алар адамды кытыгылаганда ала турганы ыракатты изилдегенге аракет кылышкан.

Ирандык бир илимпоз ымыркайдын жалаягын алмаштырган жабдык жасаганы үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Италиялык окумуштуу болсо пиццаны көптөгөн ооруларга даба деп айтканы үчүн сыйланды. Илимпоз бул пицца Италияда гана жасалышы керек экенин белгилеген.

Шнобелди Нобел сыйлыгынын ээлери тапшырат. Жеңүүчүлөргө кофе таңгагы, бир куту сагыз, бир куту тамеки жана тиш щеткасы берилет. Андан тышкары, 10 триллион Зимбабве доллары да ыйгарылат. Ал 40 АКШ центине барабар.

XS
SM
MD
LG