Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Чек ара: тажик тарап такталбаган аймакта курулуш ишин баштады


Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.
Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.

14-сентябрь күнү Баткендин Лейлек районундагы Максат айылы менен Тажикстандын Овчу-Калача айылынын чектеш аймагына тажик тарап курулуш ишин баштаганын жергиликтүү тургундар “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Муну Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов да “Азаттык” радиосуна такстыктап, өзү ошол аймакта жүргөнүн билдирди. Бул жагдайга байланыштуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү бийлиги менен сүйлөшүү аракетинен азырынча майнап чыкпаганын кабарлады.

Азырынча тажик тараптан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Тажикстандын Гафуров районунун жетекчилиги менен Лейлек районунун акими өткөн жумада жолугушуп, такталбаган аймакта курулуштарды жүргүзүүнү токтотуу тууралуу өкмөттөр аралык макулдашууну аткарууну сүйлөшкөн.

31-август күнү ушул аймакка жакын Арка айылында Кыргызстандын жараны өз үйүнө коргон куруп жатканда, тажикстандыктар каршылык көрсөтүп, таш ыргытышкан.

Мындан кийин Лейлектин жана Тажикстандын Гафуров районунун жетекчилиги жолугуп, такталбаган аймакта курулуштарды жүргүзбөй, токтото турууну макулдашкан эле. (JsA)

XS
SM
MD
LG