Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Текебаев: Президент менен жолугушуу зарыл


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен президенттин жолугушуусу зарыл экенин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Мындай пикирин ал 14-сентябрда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектеги Ынтымак эс алуу багына барып, көчөт тиккен учурда "Азаттык" радиосунун кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып айтты:

"Бул жолугушуу абдан зарыл. Биринчиден, бул - президент Жээнбековдун Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен кызматташууга даяр экенинин белгиси. Экинчиден, Убактылуу өкмөт бул - тарых. Президент Кыргызстандын келечеги кечээги күндөн келип чыгарын, өткөндүн каталарын таанып, аларды келечекте болтурбоого аракет кылып жаткандыгынын белгиси", - деди Текебаев.

Жолугушуу мамлекеттик резиденцияда өтөрү кабарланган, бирок президенттин администрациясы бул жөнүндө маалымат тарата элек.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин мамлекетти башкаруу үчүн түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү бар. Арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камакта. Дагы бир мүчөсү - Топчубек Тургуналиевдин президент менен жолугушууга барары же барбашы анык эмес. Башкалардын баары катышарын билдиришти. (SE\TSh)

XS
SM
MD
LG