Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Бишкекте «Tengri Music» фестивалы өттү


14-сентябрда Бишкектеги Эски аянтта ачык асман алдында «Tengri Music» деген классикалык жана джаз музыкасынын фестивалы өттү. Фестивалда баш калаанын тургундары жана жашоочулары Москва мамлекеттик симфониялык оркестринин жана Петр Востоковдун джаз оркестринин аткаруусунда дүйнөлүк классикалык чыгармаларга күбө болушту.

Фестивалдын уюштуруучулары бул иш-чара аркылуу шаардыктарга маданий эс алуу тартуулоо максатын көздөгөнүн кабарлашкан.

«Tengri Music» фестивалы Кыргызстанда бир нече жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу бир ай мурун Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулуп, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары күбө болушкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG