Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Баткендеги жергиликтүү депутаттар президентке кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чек ара боюнча Баткендеги жергиликтүү кеңештин бир нече депутаты президентке кайрылды. Алар өлкө башчысын кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абалга көңүл бурууга чакырууда.

Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты Санжарбек Исаков «Азаттыкка» билдиргендей, жергиликтүү депутаттар Тажикстан менен чек арага жакын тактала элек жерге курулуштун токтобой жатканына тынчсызданышууда.

- Лейлек районунун Исфана шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана Баткен районунан 3 айыл аймактын жергиликтүү кеңешинин депутаттары чогулдук. Абалды талкууладык. Маселени чечүү боюнча президентке, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин төрагасына, тийиштүү кызматтарга атайын кайрылуу кабыл алдык, - деди Исаков.

14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектеш жана Баткен районунун Төрт-Көчө участогуна тактала элек аймактарда курулушту баштаган. Буга нааразы болгон кыргыз жарандары чогулушкан. Чатактын алдын алуу максатында эки мамлекет ортосундагы чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөн.

Бул маселени жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тажикстан болсо такталбаган аймактагы курулуштар тууралуу эч кандай коментарий бере элек. (JsA)

XS
SM
MD
LG