Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Кыргыз-өзбек чек арасында 62 чакырым макулдашыла элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында тактала элек 62 чакырымы калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы чек аранын бекитиле элек бөлүгү 217 чакырымды түзөт. Анын ичинен 2017-жылдан бери 160тай чакырымы жазылып, макулдашты.

- Ал эми 62 чакырым - бул тилке боюнча макулдашып жазыла элек. Бул тилкелер боюнча ар кандай пикирлер бар, алар өз позициясын, биз өз позициябызды айтып жатабыз, - деди Разаков.

Вице-премьер чечиле элек тилкелердин ичинде Кемпирабад суу сактагычы, Унгар-Тоо аймагы боюнча эки тарап мунаса табыла элек экенин кошумчалады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 85 пайызын же 1170 чакырымын 2017-жылы эки тараптын жетекчилери кол коюп бекиткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG