Кыргызстанда окуу китептерин сапаттуу иштеп чыгууда жана басууда мамлекеттик система калыптанган эмес. Бул тууралуу Булан институту жарыялаган баяндамада айтылат. Аталган баяндамада Кыргызстанда окуу китептерин чыгаруунун тарыхы жана калыптанышы, аларды басуунун мыйзамдык базасы, басып чыгаргандардын функциялары жана жоопкерчилиги талданган.
Баяндаманын авторлорунун бири, Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова тиешелүү органдарды бул маселеге көңүл бурууга чакырды:
- Биздин талдоо мамлекет катары Кыргызстан окуу китептерин иштеп чыгуу, тандоо, бекитүү жана чыгаруу боюнча ырааттуу мамлекеттик система түптөй албаганын көрсөттү. Буга биринчи кезекте Билим берүү жана илим министрлигинин ишти уюштура албаган шалаакылыгы жана кесипкөй мамиле кыла албаганы себеп болууда.
Баяндамада бул тармакты жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлер даярдалган.
Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин басып чыгарууга байланыштуу акыркы убакта бир нече жаңжал чыккан. Буга чейин айрым окуу китептери ката менен басылса, айрымдарын басууда тендерде коррупциялык фактыларга жол берилгени боюнча териштирүү башталган. (BkA)