Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Түркия С-400 комплексинин экинчи партиясын алды

Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин.
Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин.

Түркия Орусиядан сатып алган С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык системасынын экинчи партиясы жеткирилди. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Келишимге ылайык Анкара Орусиядан төрт дивизион зениттик-ракеталык система сатып алат. Алар кийинки жылдын апрель айында толугу менен жеткирилип, колдонууга даяр болот. Ага чейин Орусия түрк аскерлерине окутуу өткөрөрү пландалган.

С-400 системасы Түркияга быйыл июль айынан тартып жеткириле баштаган.

Орусиядан курал-жарак сатып алганы үчүн Анкараны НАТОдогу эң ири өнөктөшү АКШ сынга алып, санцияларды киргизерин эскерткен. Ошондой эле Түркиянын мындай кадамы үчүн F-35 үлгүсүндөгү кыргын салуучу учактарды сатуудан баш тарткан. Расмий Анкара болсо Кошмо Штаттардын бул кадамы НАТОдогу өнөктөштүк максатына туура келбей турганын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG