Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Башкы прокуратура коррупциялык иштерден 17 млн. сом өндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 17 млн. 182 миң 970 сом которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен башкы көзөмөл органы ушул эсепке которгон каражат 536 млн. 445 миң 462 сомго жетти.

26-августка карата Борбордук казыналыктагы бирдиктүү депозиттик эсепке 1 миллиард 563 млн. 429 миң сом топтолгону кабарланган.

Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Буга чейин өлкө башчы жемкорлуктан кайтарылган акчанын эсебинен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектеп жана кошумча корпустар куруларын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG