Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:49

Жазы-Кечүүгө жарык жеткирүү боюнча президенттин тапшырмасы аткарылбай жатат


Жазы-Кечүү айылы.

Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Жазы-Кечүү айылынын тургундары менен жолугушкан учурда билдирди:

- Президент Сооронбай Жээнбеков былтыр Кочкор-Ата шаарында үч райондун эли менен жолукканда аталган айылдын маселеси көтөрүлгөн. Анын негизинде тийиштүү мекемелерге протоколдук тапшырмалар берилген. Президенттин тапшырмасынын негизинде айылды күн нурунан электр энергиясын алуучу жабдуу менен камсыздоого токтолгонбуз. «Улуттук энергохолдинг» ишканасы аталган жабдуу менен камсыздоону, Транспорт жана жолдор министрлиги жол маселесин карап чыгышы керек болчу. Жазы-Кечүү айылын Кызыл-Үңкүр аркылуу байланыштырган ат жолун төрт жеринен жардырып беришсе, калган иштерди ашар жолу менен болсо да бүтүрүп алат элек. Тапшырманы аткарууда айрым жетекчилер кайдыгерлик мамиле кылып жатышат. Бул маселени мен жакында президенттин өзүнө кайрадан айтып, маселени алып чыкпасак болбой жатат.

Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан. Айылда 140 түтүн, тактап айтканда 600дөй адам жашайт. Айылда 100 орундуу мектеп жана ФАП бар. Кышында кар үч метрге чейин жаап, кыш алты айга созулат. Эң алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Жазы-Кечүү айылында 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG