Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Дүйнө чемпионаты: үч балбаныбыз килемге чыкты


Мурат Рамонов (көк кийимчен) менен Рафаль Кражевски. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.
Мурат Рамонов (көк кийимчен) менен Рафаль Кражевски. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары Каныбек Жолчубеков, Мурат Рамонов жана Кайратбек Түгөлбаев алгачкы беттештеринде жеңишке жетти.

60 кг салмак боюнча килемге чыккан Каныбек Жолчубеков биринчи беттешинде түркиялык Кемер Камалды 15:7 эсебинде жеңди. Жолчубековдун кийинки атаандашы кытайлык балбан Сайлихе Валихан болмокчу.

77 кг салмакта күрөшүп жаткан Кайратбек Түгөлбаев финляндиялык Нико Ова Эркколаны 7:0 эсебинде жеңип алды. Эми ал 1/16 финалда франциялык Еврик Никохосиан менен беттешет.

Оор салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны Мурат Рамонов да алгачкы беттешинде польшалык Рафаль Кражевскини 10:0 эсебинде утуп, 1/8 финалына жол алды.

Чемпионат Казакстандын борбор шаарында 14-сентябрда башталды. Ага Кыргызстандан барган 22 балбан катышууда. (GT)

XS
SM
MD
LG