Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Финансы министрлигинде коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 11 млн. 929 миң 681 сом которду.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ушуну менен Финансы полициясы аталган эсепке которгон акчанын жалпы суммасы 807 млн. 418 миң 287 сомду түздү.
Башкы прокуратура да бүгүн, 16-сентябрда коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган эсепке 17 млн. 182 миң 970 сом которгонун жарыялаган.
26-августка карата Борбордук казыналыктагы бирдиктүү депозиттик эсепке 1 миллиард 563 млн. 429 миң сом топтолгону кабарланган.
Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.
Буга чейин өлкө башчы жемкорлуктан кайтарылган акчанын эсебинен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектеп жана кошумча корпустар куруларын билдирген. (BTo)