Ирандын президенти Хасан Роухани Сирия боюнча кезектеги сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Түркиянын баш калаасы Анкарага келди.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын төрагалыгы астында дүйшөмбү күнү өтө турган жыйынга орус президенти Владимир Путин да катышмакчы. Анда Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Идлиб аймагындагы аракеттерине көңүл бурулары кабарланды.
Былтыр Орусия менен Түркия Идлибди өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан коргой турган буфердик аймак түзүүнү макулдашкан. Бул аймакта Анкаранын байкоо жүргүзүүчү 12 бекети бар. Бирок Түркия Орусиянын аба соккуларынан пайдаланган Сириянын күчтөрү Идлибге кирип келбейби деп тынчсызданууда.