Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Орусияда «Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоо» боюнча машыгуу башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жыл сайын өтүүчү «Борбор-2019» аттуу стратегиялык командалык машыгуу 16-сентябрда башталды. 21-сентябрга чейин улана турган бул машыгууга Кыргызстандын, Кытайдын, Индиянын, Пакистандын, Казакстандын жана Өзбекстандын аскер бөлүктөрү да катышмакчы.

Быйылкы аскердик машыгууда негизинен Орусиянын Борбордук аскер округуна көңүл бурулат. Орусия Куралдуу күчтөрүн 2008-жылдан тартып жаңылай баштаган, ал эми Борбордук аскер округунда машыгуу 2011 жана 2015-жылдары да өткөн.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, «быйыл машыгууда коалициялык мамлекеттердин аскер топтору эл аралык терроризмге каршы күрөштү жана стратегиялык Борбор Азия багытындагы коопсуздукту камсыз кылуу» боюнча милдеттерди кандай аткарышына көңүл бурулмакчы.

Коргоо министри Сергей Шойгунун орусиялык «Ведомости» басылмасына айтканына караганда, машыгуу алты полигондо жана Каспий деңизинин акваториясында өтөт. «Борбор-2019» тарыхтагы эң ири машыгуу катары да бааланууда.

Ага 128 миң адам, 20 миң техника, 600 учак жана тик учак, 15 аскер кемеси катышмакчы.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG