Ташкент шаарынын ички иштер башкармалыгы киши колдуу болгон 25 жаштагы кумса жигит Шокир Шавкатовдун өлүмү боюнча кеңири маалымат таратты. Маалыматта Шавкатов аны өлтүрдү деп шек саналып жаткан 28 жаштагы Одилжон аттуу бала менен «ВКонтакте» социалдык тармагынан таанышкан. 11-сентябрда алар батирде жолугушуп, Одилжон аны бычактап салганы айтылат.
Окуяны ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү кармалып, ага «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шокир Шавкатовдун достору анын өлүмүнө жыныстык ориентациясы себеп болгон болушу мүмкүн деп эсептешет.
Өзбекстандын ЛГБТ-коомчулугу 25 жаштагы Шокир Шавкатовдун өлүмүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, бийликтен өлкөдөгү жыныстык азчылыктарды коргоону талап кылды.