Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:58

Бишкекке Новосибирскинин бир катар компаниялары келет


Иллюстрациялык сүрөт.

24-27-сентябрь күндөрү Орусиянын Новосибирск облусунан тамак-аш өнөр жайы жана биотехнология жаатында иштеген экспортёрлор Бишкекке келишет.

Новосибирскиден келген компания өкүлдөрү Кыргызстандын ишкер чөйрөсү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү менен жолугууну пландап жатышат.

24-сентябрда алар чыгарган өндүрүмдүн бет ачарын өткөрүп, кызматташуу үчүн реалдуу өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүшөт.

Новосибирскиден келген ишкерлер 25-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» форумуна жана «АгроТехЭкспо 2019» көргөзмөсүнө катышат. Ишкерлердин сүйлөшүүсү 27-сентябрда кыргыз-орус бизнес-форуму менен жыйынтыкталат.

Бишкекте болчу иш-чараларга Новосибирсктен «Скан Аэро», «Росветфарм», «ВердаТерра», «Химсервис», «Био-Веста», «Микопро», «Ренессанс ВИД», «ЗетГен» жана «Бротех» компаниялары катышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG