Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Эдвард Сноуден Франциядан баш паанек сурады


Эдвард Сноуден.
Эдвард Сноуден.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Франциянын президенти Эммануэл Макронго кайрылып, ага баш паанек берүүсүн өтүндү.

Бул тууралуу ал Франциянын «Интер» радиосундагы маегинде билдирип, «маалымат берүүчүнү коргоо кастык иш эмес экенин» белгилеген.

Америкалык атайын кызматтын келишим боюнча иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын жайында АКШ жана Британиянын тыңчыларынын программалары тууралуу маалыматтарды Интернетке жарыялап жибергенден кийин мекенинен качып кетип, Орусия ага убактылуу баш паанек берген.

АКШ бийлиги аны мамлекеттик жашыруун маалыматтарды жарыялаган деп айыптоодо.

Сноудендин 2013-жылы Франсуа Олланд президент болуп турган кезде да баш паанек алууну сураган арызына Франция оң жооп берген эмес. Ошондой эле ал башка өлкөлөрдөн да баш калка издеген.

17-сентябрда 20 мамлекетте Эдвард Сноуден эскерүүлөр китеби жарык көргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG