Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Иран Бириккен Араб Эмираттарынын мунай кемесин кармады


Перс булуңунда бара жаткан кеме.
Перс булуңунда бара жаткан кеме.

Иран бийлиги Перс булуңунда Бириккен Араб Эмираттарынын мунай ташып бараткан кемесин кармады. Тегеран танкер мунайды аткезчилик жолу менен алып бараткан деп шектенүүдө. Анда кайсы өлкөнүн жарандары бар экени азырынча белгисиз.

Танкерди кармоо Сауд Арабиясынын мунай өндүрүшүн эки эсе азайтууга алып келген чабуулдан кийинки кризис учуруна туш келди.

Сауд Арабиясындагы эки заводго 14-сентябрда эртең менен чабуул коюлган. Ал үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары алды.

Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео чабуул үчүн жоопкерчиликти Иранга жүктөп, «Тегеран дүйнөлүк мунай өндүрүүгө болуп көрбөгөндөй сокку урду» деп сынга алган. Иран анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.

Эр-Рияд эки заводго жасалган чабуулдан кийин мунай өндүрүүнү 5,7 миллион баррелге чейин, башкача айтканда эки эсе азайткан. Буга байланыштуу брент үлгүсүндөгү мунай 14% кымбаттап, бир баррели 70 доллардан ашты.

АКШнын президенти мунай базарын турукташтырууга зарылчылык жаралса, өлкөдөгү стратегиялык мунай запастарын колдонуу жагын караштыруу тууралуу буйрук берген. Расмий маалыматка ылайык, Кошмо Штаттардын запасында 630 миллион баррел мунай бар.

XS
SM
MD
LG