Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасында ок атылды


Кыргыз-тажик чек арасы. Сүрөттүн жаңылыктагы окуяга тиешеси жок.
Кыргыз-тажик чек арасы. Сүрөттүн жаңылыктагы окуяга тиешеси жок.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын ырастады. Ал учурда ок кайсы тараптан чыкканын айта албай турганын, кеңири маалымат бир аздан кийин берилерин кошумчалады.

Бөрүбаеванын айтымында, райондун Максат айылына жакын жерде ок атылган.

Мунун алдында социалдык тармактарда видео тарап, анда кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп жатканы айтылган. Видеону тартып жаткан жергиликтүү тургун алыста октун үнү угулганын, тургундар бала-чакасын алып, айылдан чыгып кетип жатканын билдирген.

Баткен облустук администрациясы, Лейлек райондук акимиаты жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азырынча окуя тууралуу комментарий бере элек.

14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаган.

Буга нааразы болгон кыргыз жарандары ошол аймакка чогулушкан. Чатактын алдын алуу максатында эки мамлекет ортосундагы чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөн. Бул маселени жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Ошол эле кезде Тажикстан кыргыз тарап Исфара менен Ворух анклавын байланыштырган жолго көзөмөл өткөрмө бекетин курганы жатканын жүйө келтирди. Алардын айтымында, Кыргызстан тарап курулуш иштерин башташ үчүн төрт вагон да орноткон.

Кыргыз-тажик арасында чыр-чатактар улам кайталанып келет. Быйыл жыл башынан бери өзгөчө Баткен районунун Ак-Сай айылына жакын тилкеде көп чыр катталды. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG