Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Лейлекте чек арачы курман болду, атышуу токтоду


Баткен.
Баткен.

Мамлекеттик чек ара кызматы 16-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетинде ок атышуудан Кыргызстандын бир чек арачысы каза болгонун билдирди. Ок атуу саат 21:30га карата токтогону кабарланды.

Учурда абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрүүдө. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Ал эми Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун жана окуядан бир тажик жараны жаракат алганын билдирүүдө. Мекеменин малыматына караганда, 16-сентябрда кечки саат 18:45те Бабажан Гафуров районуна караштуу Оочу Калача айылынын Бахор деген жериндеги спорт аянтчасында белгисиз имараттын курулушу башталган. Тажикстандыктар Кыргызстандын жарандарына бул мыйзамсыз курулуш экенин эскертип, аны токтотууну талап кылышканы айтылат.

Тажик чек ара кызматы «кыргыз тарап макулдашууну бузуп, аталган жерге 250-300 аскерди жибергенин» да кошумчалаган.

«Саат 19:00дө чагымга барып, Бахор маалесинин тургундарына каршы ок чыгарып, андан Тажикстандын бир жараны каза болду» деп айтылат Тажикстандын чек ара күчтөрүнүн билдирүүсүндө.

Баткен облусунда, Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактарда эки күндөн бери кырдаал чыңалган бойдон турат.

Кыргыз бийлигинин маалыматына караганда, 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогунда, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаган.

Буга нааразы болгон кыргыз жарандары ошол аймакка чогулушкан. Чатактын алдын алуу максатында эки мамлекет ортосундагы чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөн. Бул маселени жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Ошол эле кезде Тажикстан кыргыз тарап Исфара менен Ворух анклавын байланыштырган жолго көзөмөл өткөрмө бекетин курганы жатканын жүйө келтирди. Алардын айтымында, Кыргызстан тарап курулуш иштерин башташ үчүн төрт вагон да орноткон.

Кыргыз-тажик арасында чыр-чатактар улам кайталанып келет. Быйыл жыл башынан бери өзгөчө Баткен районунун Ак-Сай айылына жакын тилкеде көп чыр катталды.

XS
SM
MD
LG