Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:52

Атамбаевдин туулган күнүнө карата акция өтөт


Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата тарапкерлери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта колдоо акциясын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясы кабарлады. Аталган акцияны өткөрүү боюнча Бишкек мэриясына маалымат берилди.

Акция жүрүшүндө тарапкерлеринин мурдагы президентке каалоо-тилектери чогултулуп, абакка жеткирилет.

Алмазбек Атамбаев бүгүн 63 жашка толду. Ал быйыл 8-августта бир нече кылмышка шектүү катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагына камакка алынган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Алардын арасында 7-8-августта Кой-Таш айылында күч органдарына каршылык көрсөтүү, кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгышы, Бишкек Жылуулук борборундагы коррупция боюнча жана башка 15тен ашык иш бар.

Мурдагы президенттин адвокаттары жана тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (11)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG