Баткенде ички иштер кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда милиция кызматкерлери чек арачылар менен кошо кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттерди көрүп, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (BkA)