Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 19 млн. 831 миң сом которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Муну менен атайын кызмат ушул эсепке которгон каражат 303 млн. 646 миң 362 сомго жетти.
26-августка карата Борбордук казыналыктагы бирдиктүү депозиттик эсепке 1 миллиард 563 млн 429 миң сом топтолгону кабарланган.
Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.
Буга чейин өлкө башчы жемкорлуктан кайтарылган акчанын эсебинен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектеп жана кошумча корпустар куруларын билдирген. (BTo)