Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:39

Абылгазиев: Сүйлөшүү процесстерин күчөтөбүз


Мухаммедкалый Абылгазиев. Баткен. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугушууда. Ал алгач чек ара, андан кийин башка маселелер чечиле турганын айтып, сүйлөшүү процесстери күчөтүлөрүн кошумчалады:

- Жакында Кыргызстандын президенти Тажикстандын президенти менен жолугуп, «тынч, тез арада маселени чечели» деди. Азыр чек ара маселеси боюнча адистердин бардыгын күчтөп жатабыз, билген адистердин бардыгын коюп жатабыз. Өзгөчө Баткенде, түштүк жергесинде жашаган биздин жерлерибизди, элдин жашап жүргөн шартын билген адамдардын бардыгын коюп жатабыз. Азыр губернаторду баш кылып, Жеңиш Разаков болуп айткан маселелерди чечели деп келип атабыз. Азыр сүйлөшүү процесстерин күчөтөбүз. Тез аранын ичинде, өзгөчө шахмат сымал жашаган жерлерди кандай чечебиз деген маселени коёбуз.

Өкмөт башчы менен жолугушууга катышкан Жаңы-Жер айылдык кеңештин депутаты Сулайман Эргешов өкмөт эми маселени чечүүгө аракет кылбаса, эл аймакты таштап кетерин билдирди:

- Кеч болсо да келгениңиздерге рахмат. Бирок бетке айткан сөздүн заары жок. Кыргыз бийлиги тарыхта толук шалтаңдыгын көрсөтүп келатат. Кыргыз бийлиги качан адам өлгөндөн кийин аракет кылат. Бүгүн адам өлдү, эми аракет кылбасаңыздар эл таштап кетиши керек болуп калат. Эми көзүңүздөр ачылар, элдин көйгөйүн угуп...

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, дагы 12 адам жаракат алды. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандардын үчөөнүн абалы оор экенин кабарлаган. Алардын 11и бүгүн Бишкекке жөнөтүлдү. (КЕ/JsA)

Пикирлерди көрүңүз (33)

XS
SM
MD
LG