Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:02

Чек ара чыры боюнча Бишкекте 20дай киши акцияга чыкты


Баткен. Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга байланыштуу Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыккандардын төртөөнү милиция кармап, түшүндүрүү иштеринен кийин кайра коё берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон окуяларга байланыштуу 20га жакын киши нааразылык акциясына чыккан жана алар чек ара чырынан жабыркагандарга материалдык жардам берүү ниетин билдиришкен. Бирок алар акция өткөрүү боюнча мэрияга билдирүү беришпегени айтылды.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, дагы 12 адам жаракат алган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаракат алгандардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чатакта тажик тарап биринчи болуп ок атып, миномёттон да аткылаганын баса белгиледи.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы аймакта абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирүүдө. Бүгүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрө турганы айтылды. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG