Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Жалал-Абадда аялдар Асановдун ишин калыс кароону суранышты


Курсан Асановду коргогон энелер. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Курсан Асановду коргогон энелер. 17-сентябрь, 2019-жыл.

«Аруузат аялдар» коомдук бирикмесинин Жалал-Абаддагы өкүлдөрү ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун үстүнөн жүрүп жаткан тергөө иштерин калыс кароону аймакта өткөн басма сөз жыйынында суранышты.

- Энелер өлкөдөгү тынчтыкты гана каалайт, эч кимдин баласына бейкүнөө жалаа жабылбасын. Курсан Асанов өлкөдөгү оор кырдаалдарда тикесинен тик туруп, тынчтык жана туруктуулук үчүн иштеп келди. Жөнөкөй кызматкерден тартып генералдыкка чейин жетти. Биз жалпы энелердин атынан президентке жана укук коргоо органдарына кайрылабыз. Жаш кадрды дагы мамлекет үчүн иштетип, тергөөнүн калыс өтүшүн суранабыз, - деди коомдук бирикменин мүчөсү Гүлайым Аттокурова. ​

Басма сөз жыйынына Аксы, Сузак, Базар-Коргон райондорунан жана Жалал-Абад шаарынын келген аялдар катышты.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатканы жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечимдин негизинде Курсан Асановду кызматтан алган.

Асановго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалган. Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

27-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, ал 13-октябрга чейин үй камагына алынган. (RsK)

XS
SM
MD
LG