Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Бакиров: чек ара чырынын алдын алууга мүмкүнчүлүк бар болчу


Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Мирлан Бакиров «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Ал жергиликтүү тургундар Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу бар экенин буга чейин эле айтып жатышканын кошумчалады.

- Албетте, бүгүнкү күндө ар кандай дооматтар коюлуп, түрдүү маалыматтар айтылып жатат. Бирок азыр бири-бирибизди күнөөлөй турган убакыт эмес. Бул маселелерди өкмөт менен сүйлөшкөндө тактайбыз. Негизи эле чыңалуу буга чейин эле болуп турганын депутаттар деле, жергиликтүү калк деле айтып жатат. Азыр күч органдары, бийлик сүйлөшүп маселени чечип жатканы абалдын турукташуусуна алып келет, - деди Бакиров.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов, Аида Касымалиева жана Таабалды Тиллаев Баткен облусуна барды.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Анда 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, эки тараптан жалпысынан 20дан ашык адам жаракат алган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жарадар болгон Баткендеги Максат айылынын алты тургуну, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрт кызматкери бүгүн Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилди.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чатакта тажик тарап биринчи болуп ок атып, миномёттон да аткылаганын белгиледи.

Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна тескерисинче кыргыз тарап себепкер болгонун кабарлап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG