Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү жолугушту


Баткен. Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Баткен. Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын Согди облусунун Гафур районуна караштуу Овчи-Калача калктуу конушунда кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү жолугушту.

Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, мекеменин төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Ражабали Рахмонали мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды талкуулашты.

Жолугушууда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылындагы чек ара тилкесиндеги кооптуу абалды турукташтыруу тууралуу сөз болуп, тараптар бирдиктүү иш алып баруу планын иштеп чыгышты.

Жакынкы сааттарда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Анда 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, дагы 12 адам жаракат алды. (BTo)

XS
SM
MD
LG