17-сентябрга оогон түнү белгисиз адамдар Украинанын Улуттук банкынын мурдагы башчысы Валерия Гонтареванын Киевдин жанындагы үйүн өрттөп кетишти.
Ички иштер министри Арсен Аваков үйдүн өрттөлүшүн атайын жасалган кылмыш катары баалады. Ал эми президент Владимир Зеленский окуя тез иликтене турганын айтты.
Украинада кылмыш иши козголгон Валерия Гонтарева учурда Британияда жашайт. 26-августта аны Лондондо машина сүзүп кетип, ооруканага жатып калган. Гонтареванын айтымында, 5-сентябрда анын келинине катталган машина да өрттөнүп кеткен.
Ал Улуттук банктын башчылыгынан 2018-жылы март айында бошотулган.
27-августта Киевдин райондук соту, Валерия Гонтареваны «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, күч менен алып келүүгө Мамлекеттик тергөө бюросуна уруксат берген.