Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

16 жаштагы швециялык Грета Тунбергге «Абийир элчиси» наамы ыйгарылды


Грета Тунберг.
Грета Тунберг.

Климаттын өзгөрүшүнө каршы миңдеген мектеп окуучуларынын башын бириктире алган 16 жаштагы швециялык Грета Тунбергге «Абийир элчиси» наамы ыйгарылды. Ал «Fridays for Future» же «Жума күндөрүн келечекке арнайлы!» аттуу кыймыл түзүп, дүйнөнүн булуң-бурчундагы теңтуштарын экологияны сактоого чакырып келет.

«Amnesty International» укук коргоо уюму өзүнүн эң жогорку наамын активист кызга жана анын кыймылына 16-сентябрда Вашингтон шаарында ыйгарды. Грета Жер шары экологиялык кыйроо алдында турганын, климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерди көз жаздымда калтырууга убакыт калбай калганын, ар бир адам оң өзгөрүүлөргө салым кошо аларын баса белгилеп келет.

Дүйнөлүк басма сөз Тунбергге 2018-жылы көңүл бура баштаган. Анда өспүрүм кыз жума күндөрү сабакка барбай, Швециянын бийлигинен экологиялык маселелерге көңүл бурууну талап кылууга өткөн эле. «Мектептеги иш таштоо» деген атка конгон мындай акциялар Швецияда гана эмес, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынан да колдоо таап кеткен. «Fridays for Future» кыймылына кошулган өспүрүмдөр климаттын өзгөрүшү мектептеги сабактардан да маанилүүрөөк деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG