Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

УКМК чагымчыл маалымат тараткандарга эскертүү берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу эки мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетирген жана улут аралык кастыкты козуткан комментарийлер менен чагымчыл маалыматтарды жайылтуудан оолак болууга чакырды. Мекеме эки тарап атышуу болгон аймактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын кабарлады.

УКМКнын маалыматына караганда, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды атайын курчутуп, улут аралык кастык маанай аркылуу массалык башаламандыкты алып келе турган аракеттерди алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Атайын кызмат коомго чыңалуу алып келе турган маалыматтар менен материалдардын авторлоруна эскертүү берилерин да белгилеген.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп ок атып, миномёттон аткылаганын билдирген.

Маалыматка ылайык, тажик тарап алгач Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара бекетин, андан соң Сай айылындагы бекетти аткылаган.

Атышуудан кыргызстандык бир чек арачы курман болуп, 13 адам жарадар болгон.

Ал эми Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун билдирүүдө. Тажикстандын бийлиги үч чек арачысы каза болгонун кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG