Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Орусияда маданий ишмерлер актёр Павел Устиновду колдоп чыгышты


Актёр Павел Устиновду колдогон флешмоб.
Актёр Павел Устиновду колдогон флешмоб.

Орусиянын бир катар маданият ишмерлери Москвада 3-августта өткөн митингге байланыштуу үч жарым жылга түрмөгө кесилген актёр Павел Устиновго колдоо көрсөтүшүүдө. Актёр Александр Паль Устиновго коюлган айыптар «толугу менен токулуп чыкканын» айтып, актерду колдогон флешмоб жарыялады. Бул акцияга Никита Ефремов, Равшана Куркова сыяктуу 15тен ашык актёрлор жана режиссёрлор кошулду. Белгилүү алып баруучу Максим Галкин, ырчы-музыканттар Сергей Шнуров жана Сергей Лазарев да Устиновду колдоп чыгышты.

Маданият ишмерлери социалдык тармактардагы барактарына актёрду бошотууга чакырган видеолорду жайгаштырып, «Мен / Биз - Павел Устинов» деген жазууну бөлүшүп жатышат. Буга чейин белгилүү иликтөөчү журналист Иван Голунов кармалганда да ушундай эле акция өткөн.

16-сентябрда Тверь райондук соту Устиновду Москвадагы таза шайлоого чакырган акция маалында Улуттук гвардиянын жоокерине кол салууга күнөөлүү деп тапкан. Кармоо маалында актер каршылык көрсөтүп, бир полиция кызматкери да жабыркаганы белгиленген. Устинов акцияга катышпаганын, метродо досун күтүп жатканын айтып жатат.

XS
SM
MD
LG