Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

Ооганстандагы эки жардырууда өлгөндөрдүн саны 46 кишиге жетти


Ооганстандын Парван провинциясындагы жарылуу. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Ооганстандын Парван провинциясындагы жарылуу. 17-сентябрь, 2019-жыл.

17-сентябрда Ооганстандын Парван провинциясында президент Ашраф Гани катышып жаткан жыйын маалында бомба жарылып, андан кеминде 24 киши курман болду. Жергиликтүү ооруканадан билдиргендей, бул чабуулдан дагы 30дан ашуун адам жарадар болду. Алардын арасында аялдар менен балдар да бар.

Президент Гани өзү жабыркабаганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Ички иштер министрлиги Насрат Рахиминин айтымында, мотоцикл айдаган жанкечти өзүн жардырып жиберген. Гани провинциянын борбору Чарикарга 28-сентябрга белгиленген президенттик шайлоого карата эл менен жолугушуу үчүн келген.

Ал эми андан кийин борбор шаар Кабулда болгон жанкечтинин жардыруусунан 22 адам көз жумуп, 38 киши жарадар болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

Эки чабуул үчүн тең «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды. Буга чейин талибдер элди шайлоого катыштырбоо максатында чабуулдарды күчөтүүгө убада берген.

9-сентябрда АКШ «Талибан» менен сүйлөшүүлөр токтогонун жарыялаган эле. Сүйлөшүүнү токтотууга 2-сентябрда согушкерлердин Кабулда 12 кишинин өмүрүн алган жардыруу уюштурушу себеп болгон.

28-сентябрда боло турган шайлоого экинчи президенттик мөөнөткө ат салышып жаткан Ашраф Гани менен бирге дагы 17 талапкер катышып жатат.

XS
SM
MD
LG