Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жергиликтүү айдоочулук күбөлүктү даярдоо боюнча август айында өткөн тендерди Казакстандын Улуттук банкынын карамагындагы Банкноттук фабрика уткан. Ал ишкана менен түзүлө турган келишимге ушул аптанын аягына чейин кол коюлары пландалууда.
Буга чейин айдоочулук күбөлүк ушул жылдын 1-октябрынан тартып бериле баштайт деп убада берилген. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарга утурумдук күбөлүк берип жатат.
Кыргызстанда 2011-жылдан тартып айдоочулук күбөлүк менен автоунаанын техникалык паспортун даярдоого бланктар менен камсыз кылуу укугуна «Атлас Крипт» деп аталган, Кыргызстанда катталган компания ээ болгон. Бул компания сегиз жыл аралыгында 13 миллион еврого айдоочулук күбөлүк жана 12 миллион еврого техникалык паспорт даярдаган.
Эми Мамкаттоо жаңы айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы мурдагыга салыштырмалуу 10 эсеге чейин арзан болорун кабарлаган. (BkA)