Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:50

АКШ менен Беларус элчилерди дайындап, «тоңду» эритет


Александр Лукашенко менен АКШ президентинин мурдагы кеңешчиси Жон Болтон. Минск, 29-август, 2019-жыл.

АКШ менен Беларус 11 жылдан ашык «тоңуп» турган мамилелерин элчилерди дайындоо менен жандантууну чечишти.

17-сентябрда Минскке сапар менен келген Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хэйл «мамилебизди жакшыртуунун кийинки кадамы катары элчилерибизди дайындоо зарыл деп чечкенибизди жарыялаганым - мен үчүн чоң сыймык» деп билдирди.

Хэйл бул тууралуу Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей менен жолугушуу учурунда айтты. Мындан соң АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Беларусту чейрек кылымдан бери башкарып келе жаткан президент Александр Лукашенко менен жолукту.

Өткөн айда президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча ошол учурдагы кеңешчиси Жон Болтон Беларуска алгач жолу расмий сапар менен келген.

Вашингтон менен Минскинин мындай ортодогу мамилени жандантуу аракети Батыш менен Орусиянын алакасы начарлап турган учурга туш келди. Эки тараптын алакасы 2014-жылы Москва Украинага таандык Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин курчуп кеткен.

Айрымдар Беларус жетекчилигинин АКШ менен алаканы жакшыртуу аракетин аймактык бүтүндүгүн коргоо менен байланыштырууда.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG