Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Парламент чек арадагы абал боюнча өкмөттүн маалыматын угат


Баткен, Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Баткен, Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан чыр боюнча бүгүн, 18-сентябрь 14:00дө кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке маалымат берет. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов курман болду.

Андан тышкары дагы 13 киши жаракат алып, алардын 10у 17-сентябрда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилди.

Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

Эки өлкөнүн төрт аскери каза болгон окуядан кийин 17-сентябрда кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушуп, чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөштү. (BTo)

XS
SM
MD
LG