Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Депутаттар курман болгон чек арачынын үй-бүлөсүнө эки күндүк маянасын бөлөт


Равшан Муминовдун тажиясы.
Равшан Муминовдун тажиясы.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жана 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуяларда курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө депутаттардын эки күндүк маянасын берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул сунушка байланыштуу токтом кабыл алынбай турганын, маянасын бөлүп берүүгө макул болгон депутаттардын тизмесин түзүш керек экенин айтты.

16-сентябрдын кечинде, Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов курман болгон. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков 7-августта, Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын биринчи күнүндө ок тийип каза болгон. Ниязбековдун артында жубайы жана төрт баласы калды. (BTo)

XS
SM
MD
LG