Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук отурум ушул иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугуна байланыштуу дүйшөмбү күнгө жылдырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Замир Жоошев кабарлады. Буга чейин адвокаттар Исаковдун ден соолугуна байланыштуу сотту жылдырууну өтүнүшкөн.
ЖЭБ иши боюнча соттук отурум Бишкектин Свердлов райондук сотунда ар бир дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү болуп жатат. Кийинки сот 23-сентябрь 9:00гө белгиленди. Бул жолу айыпталуучулардын күбөлөрү, президенттик аппараттын айрым кызматкерлери көрсөтмө беришет.
Бул иште «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча шек саналып жаткан Сапар Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, 16-августтан 28-августка чейин Улуттук госпиталда жатып чыккан. Ал азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында.
УКМКнын басма сөз кызматы Исаков менен Сатыбалдиевдин ден соолугу канааттандырарлык экенин жана алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын белгиледи. (КЕ)