Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Баткен: Максат айылынан коопсуз жайга чыккан 128 адам үйүнө кайта элек


Баткен.
Баткен.

Баткен облусундагы чек арада атышуу болгондон кийин, ал аймакка жакын Максат айылынан коопсуз жайга убактылуу чыгып кеткен 128 тургун үйлөрүнө кайта элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бешкент айыл өкмөтүнүн өкүлү кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон атышуудан кийин Максат айылынын айрым тургундары жеке коопсуздугун ойлоп үйлөрүнөн чыгып кетишкен. 150дөй киши кошуна Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски Овчу айылындагы мектепке жайгаштырылган болчу.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, дагы 13 адам ар кандай жаракат алган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген. Жаракат алган 10 жаран толугураак дарыланышы үчүн 17-сентябрда Бишкекке жеткирилген. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG