Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:15

Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөргө барып келишти


Кумтөр кени. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Кумтөр кени. 17-сентябрь, 2019-жыл.

17-сентябрда, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин бир нече депутаты Кумтөр кенине барып, кен казылуучу жер аянттарынын абалын, «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругугунун аймагы боюнча маалымат алды. Алар менен кошо биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөттүн тийиштүү органдарынын жетекчилери барышты.

Алгач Кумтөр ишканасынын өкүлдөрү Кумтөрдүн аянты «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругу менен 4 561 чакырымда чектешип турарын билдирип, «коруктун аймагы кен казуу үчүн берилди» деген сөздөрдү четке кагып, депутаттарга карта менен түшүндүрүп беришти. Ошондой эле депутаттар кен казылып жаткан негизги аянтты, зыяндуу калдыктар сакталуучу жерди да көрүштү.

Жогорку Кеңештин депутаты Абылкайыр Узакбаев «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, бул жолку сапарда Кумтөрдөн жана мамлекеттик органдардан бир жактуу гана маалымат алынганын белгилеп, алар башка булактардан тактап бүтүм чыгарышарын айтты.

Буга чейин «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк-батыш аймагындагы Кумтөргө жакын жер аянты «Кумтөр голд» компаниясынын карамагына өтүп кеткени боюнча документтер чыккан. Учурда бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып, ачык-айкын толук маалымат бериле элек. (TsH)

XS
SM
MD
LG