Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Быйыл Кыргызстанда 44 айыл таза суу менен камсыз болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын аягына чейин 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирди. Бүгүн, 18-сентябрда мамлекет башчы ирригация жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Анда Жээнбеков бул максаттарга гранттык каражаттарды тартуу боюнча жумуштарды күчөтүп, бардык иштер сапаттуу аткарылышы керек экенин айткан.

Ошондой эле кийинки жылга карата ири инфратүзүм долбоорлорунун ичинде Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына кошумча 1800 гектар сугат жерин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн Арка массивине суу өткөрүүгө дюкер куруу зарылдыгы белгиленди. Буга керектелген 1,9 млрд. сомдун бир бөлүгү республикалык бюджетке 2020-жылга каралат. Калган бөлүгү эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен тартылат.

Кыргызстандагы жалпы 1800 айылдын 653үндө таза суу жок. 2018-жылы 653 айылдын 69 айылы таза суу менен камсыздалган.

Мамлекеттик бюджеттен 2018-жылы таза суу секторуна 250 млн. сом бөлүнүп берилген.

ЕӨРБдүн эки долбоору алкагында 15 миллион евродон ашуун каражатка өлкөдөгү 24 шаарда таза суу долбоорлору ишке кирет. Бул каражаттын 65% кайтарымсыз грант, 35% насыя түрүндө берилет.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгү маалында берген негизги убадаларынын бири болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG