Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Өкмөт чек арадагы кырдаал боюнча парламентке эртең маалымат бермей болду


Баткен, Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Баткен, Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан чыр боюнча Жогорку Кеңеште кыргыз өкмөтүнүн маалыматы эртең, 19-сентябрда угулат. Буга кыргыз-тажик өкмөттөрү чек ара маселесине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы себеп болду.

Бүгүн депутаттар Жогорку Кеңешке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырып, чек арадагы кырдаал боюнча маалымат алууну чечишкен.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов курман болгон.

Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

Эки өлкөнүн төрт аскер кызматкери каза болгон окуядан кийин 17-сентябрда кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушуп, чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG