Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:44

Кытай менен Орусиянын соодасы кызыды


17-сентябрда Ли Кэцян Дмитрий Медведев менен жолукту.

Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян 17-сентябрда Орусияга үч күндүк сапар менен келди. Кытайлык «South China Morning Post» басылмасы «Ли Кэцян Вашингтон менен Бээжиндин соода жаңжалынын Кытай экономикасына тийгизген залакасын жумшартуу жолдорун караштырат, айыл чарба багытындагы келишимдерге кол коюлат» деп жазды.

Ли Кэцян 17-сентябрда Санкт-Петербургда орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукту. Анда инвестицияны көбөйтүү, экономикалык алака-катышты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Соңку жылдары эки өлкөнүн ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү арбыды. Былтыр ал 100 миллиард долларга чамалап, 27 эсе көбөйдү.

Дмитрий Медведев 2024-жылга чейин соода жүгүртүүнүн көлөмүн 200 миллиард долларга чейин жеткирүү караштырылып жатканын айтты.

Быйыл Москва менен Бээжин дипломатиялык алака-катышынын 70 жылдыгын белгилешмекчи.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG