Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

«Жалал-Абад электро» мекемесинин жетекчилери алмашты


Жалал-Абад шаары. Май, 2019-жыл.
Жалал-Абад шаары. Май, 2019-жыл.

Директорлор кеңешинин чечими менен «Жалал-Абад электро» ишканасынын директору болуп Дурусбек Рахманов дайындалды. Ал буга чейин Жалал-Абад облустук электр тармактарын башкарып келген. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Муну менен катар директордун эки орун басары тең алмашып, алардын ордуна Мыктыбек Жумабаев жана Мирлан Байсымаков келди.

«Улуттук энергохолдинг» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Есенбаева жаңы дайындалган жетекчилерди компаниянын жамааты менен тааныштырды. «Улуттук энергохолдингдин» маалыматына караганда, «Жалал-Абад электронун» мурдагы жетекчиси Кеңешбек Маматканов жана орун басарлары мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен.

Директорлор кеңешинин чечимине ылайык мурунку жетекчилер 3 жылдык мөөнөткө дайындалган болчу. «Жалал-Абад электро» ишканасы облустагы 232 миңге жакын кардарга кызмат көсөтүп, анда 1,5 миңден ашык кызматкер эмгектенет. (RsK)

XS
SM
MD
LG