Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда кыргызстандык аскердин окко учканы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган факты Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Мындан сырткары чек арадагы окуяда аскер кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургандардын жарадар болгону, үй, мектеп, байкоо салуучу мунараны аткылаган факты «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Тергөөнүн көлөмү чоң болгондуктан башкы прокурордун орун басарынын токтому менен мекеме аралык тергөө тобу түзүлдү. Ага Аскер прокуратурасынын Баткен облустук гарнизонунун, Баткен облустук жана Лейлек райондук милициянын өкүлдөрү кирди.
Тергөө тобу Максат чек ара бекетин карап чыгып, далил катары ок, миномёттун жана гранатомёттун калдыктары болушу ыктымал деген элементтерди алган. Жарадар болгондор жана далил боюмдар боюнча соттук-медициналык, соттук-баллистикалык жана соттук-трассологиялык экспертиза дайындалды.
16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болду. Тажик тарап үч чек арачысы курман болгонун билдирди. Эки тараптан 20дан ашык адам жабыркады. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген. Жарадар болгон 10 жаран 17-сентябрда Бишкекке жеткирилген.
Чек арадагы окуядан кийин эки өлкөнүн тең Тышкы иштер министрлиги элчилерге нааразылык нотасын тапшырды. (КЕ)