Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:07

Камактагы тажикстандык адвокатка эл аралык сыйлык ыйгарылды


Бузургмехр Ёров.
Бузургмехр Ёров.

Варшавада узак мөөнөткө эркинен ажыратылган тажикстандык адвокат Бузургмехр Ёровго белгилүү укук коргоочу Файзиннисо Вохидова атындагы эл аралык сыйлык берилди. Аны камактагы адвокаттын Европада жашаган бир тууганы Жамшед Ёров алды.

Буга чейин Бузургмехр Ёров Европа кеңешинин адам укуктары багытындагы өзгөчө эмгеги үчүн берилчү Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка көсөтүлгөн. Ал Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалып, 28 жылга кесилген.

Кийин Бузургмехр Ёровго каршы алдамчылык жана тажик президентин кемсинтүү айыптары менен төртүнчү кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG