Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

АКШ Иранга карата санкцияларды күчөтөт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга карата санкциялар күчөтүлөрүн жарыялады. Ал өлкөнүн Финансы министрлигине тиешелүү буйрук берген.

Тегеранга карата мындай чара Сауд Арабиясындагы мамлекеттик мунай кендерине дрондон чабуул коюлгандан кийин кабыл алынууда.

14-сентябрда, Сауд Арабиясындагы «Aramco» мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул коюлган. Бул үчүн жоопкерчиликти йемендик хусит козголоңчулары алган болчу.

Бирок Кошмо Штаттар чабуулдарды козголоңчулар өздөрү уюштурганына ишенбей, «анын артында Иран турат»​ деп жарыялаган. Расмий Тегеран болсо бул чабуулга эч кандай тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Сауд Арабиясынын жетекчилиги окуяны иликтеш үчүн БУУнун көз карандысыз эксперттерин чакырууну көздөп жатат. Эр-Рияд чабуулга Ирандын катышын ырастачу далилдер бар экенин айтууда.

Чабуулдан улам Сауд Арабиясы мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтты. Бул окуядан кийин дүйнөлүк мунай рыногунда чийки зат беш пайызга жакын азаяры айтылууда.

XS
SM
MD
LG