Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Кумтөр кениндеги калдык сактоочу жайда 100 тоннадай алтын бар


Кумтөр кени. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Кумтөр кени. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Бул тууралуу «Кумтөр Голд» компаниясынын өндүрүштүк директору Болот Идрисов билдирди. Анын айтымында, кендеги алтын иштетүүдө 20 пайызга жакын алтын калдык сактоочу жайга топтолот.

Идрисов аталган алтынды жууп алыш үчүн башка жабдыктар керек экенин белгиледи.

- Учурда калдык сактоочу жайдагы алтынды кандай ыкма менен алууга болот, кандай жолдору бар деп иликтеп жатабыз, - деди Болот Идрисов.

17-сентябрда, Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Кумтөр кенине барып, кен казылуучу жер аянттарынын абалы, «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругугунун аймагы боюнча маалымат алган.

Буга чейин кенди иштеткен «Центерра Голд» компаниясы менен кыргыз өкмөтү түзгөн жаңы стратегиялык келишимде кен иштеткен компанияга 16 гектар жердин берилиши бир топ ача пикирлерди жараткан эле.

Кумтөр ишканасынын өкүлдөрү Кумтөрдүн аянты «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругу менен 4 561 чакырымда чектешип турарын билдирип, «коруктун аймагы кен казыш үчүн берилди» деген сөздөрдү четке кагышууда.(BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG