Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Мадумаров: Тажикстан чек ара аймагында баштаган курулушун кайра бузат (видео)


Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен, тактала элек аймакка баштаган курулушун токтотуп, бузмай болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, тажик тарап сүйлөшүүгө ылайык жакынкы 20 сааттын ичинде баштаган курулуштарын кайра бузушу керек.

- Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин штаттык режимге өтүү боюнча чечим кабыл алынды. Аскер күчтөрүн чек ара аймактарынан өздөрүнүн ар дайым туруктуу турган орундарына кайтаруу жана оор техниканы алып чыгуу боюнча сүйлөшүлүп, жумуш башталды. Аны менен бирге тажик тараптын такталбаган чек ара аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды токтотуу жана курулуштарды бузуп, мурдагы абалга келтирүү боюнча сүйлөшүлдү, - деди Акрам Мадумаров.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.

Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

Эки өлкөнүн төрт аскер кызматкери каза болгон окуядан кийин 17-сентябрда кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушуп, чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөшкөн.(КЕ/JsA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG