Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда.

Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкону, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка өлкөнүн эгемендик күнүнө карата 29-августта кол коюлган.

Ага ылайык, мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Сыйлык тапшыруу аземине алардын балдары катышууда.

Мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш жана башка тармактын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылат. Сыйлык алуучулардын арасында бир катар чет элдик жарандар да бар. (КЕ/ZA)

XS
SM
MD
LG